КоомМыйзам жана укук

«Пара алды» деп шек саналган прокурор эки айга камакка алынды

Жети-Өгүз районунун прокурорунун 150 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган ага жардамчысы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 22-июлга чейин камакка алынды.

Мындай чечим 24-майда чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүш аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Атайын кызмат Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы 22-май күнү 150 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшкөнүн билдирген. Маалыматка ылайык, ал арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар талап кылган.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак
azattyk.org
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт