Ден-соолукКоом

Пакистанда короновирус жуктурган кыргызстандык 4 жаран дааватка кеткен болушу мүмкүн

Пакистанда 22-мартта коронавирус аныкталгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экени белгилүү болгон. Ал жаран 1963-жылы туулганын (эркек киши) Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу мааалымат боюнча, ал бейтап кыргызстандык 4 жаран (1960-жылы, 1978-жылы, 1960-жылы жана 1996-жылы төрөлгөн) менен бирге Пакистандын аймагына даават үчүн барган. Бирок бул жарандар консулдук каттоого алынган эмес жана Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине жардам сурап кайрылган жок.

Учурда коронавирус аныкталган жаран Pakistan Institute of Medical Sciences госпиталына жайгаштырылып, анын жанындагы кыргызстандыктар карантинге алынган. Кыргызстандын элчилиги Исламабад шаарынын жетекчилиги жана укук коргоо органдары менен кызматташып жатат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close