КоомТехнологияЭкономика
Маанилүү

Ошто жеке ишкер машина куруучу завод курду

Ош шаарынын Южный кичи районундагы өнөр-жай аймагына жеке ишкер Нурбек Осмонов тарабынан машина куруучу завод курулуп жатат. Учурда заводдун курулуш иштери аятап, керектүү жабдуулар орнотулууда. Ишкананын март айында пайдаланууга берилиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Каимов билдирди.

«Бул ички инвестиция болуп саналат. Жеке ишкер өз каражатына машине куруучу завод куруп жатат. Аталган заводдон баштапкы этаптарда автоунаа тетиктери, суу насостору, гидро-элетро станцияларга керектүү жабдыктар, дизелдик жана бензин системаларында генераторлор жана станоктор чыгарылса, келечекте электромобилдерди чыгаруу пландалган» , — деди Каимов.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 150 млн. долларды түзөт. Бүгүнкү күндө ишкананын курулушуна 10 млн. доллар иштетилген. Завод толук ишке киргенден тартып 300 кишини жумуш менен камсыз кылат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button