Коом
Маанилүү

Ошто шайлоочуларга алдын ала даярдалган бюллетендер берилдиби? (Видео)

Ош шаарындагы № 5551 участкасында шайлоочуга алдын ала белгиленген бюллетень берилген. Муну биздин жеринде жүргөн кабарчылар байкап калган.

Анда № 5552 шайлоо тилкесине добуш берүү үчүн барган жаранга алдын ала «Биримдик» партиясына добуш белгиленген бюллетень берилген. Шайлоочу аны урнага салуу үчүн алып бараткан. Бул учур видеого түшүп калган.

Видеодо, шайлоо комиссиясында олтурган кызматкер бул жагдайды, «Белгини башка кагазга койом деп, бул жакка коюпмун. Азыр башкага алмаштырып берем» деген гана жооп менен түшүндүргөн.

Андан кийин шайлоо тилкенин сыртында турган спорттук дене түзүлүштөгү балдар, биздин журналисттердин чагылдырышына тоскоолдук жаратып, операторду четке алып чыкканга аракет кылышкан. Кийин шайлоо комиссиясын кирүүгө мүмкүн болгон жок.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт