ОкуяларЭкология

Ош жана Ысык-Көл облустарында жер титиреди

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын эки облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-апрелде кечке маал Ош облусунда күчү очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

Чоң-Алайда буга чейин 26-февралда жана 22-мартта да жер титиреген.

6-апрелде таңга маал, саат 04:59да Ысык-Көл облусунда күчү очогунда 3,5 балл болгон жер титирөө Ак-Суу районунун Кызыл-Жар, Жыргалаң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

20-мартта Ысык-Көл облусунун аймагында үч баллга чейин сезилген жер титирөө катталган болчу.

Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок.

Булак
azattyk.org
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт