Ден-соолукКоомЭкономика

Ош шаарынын ун сатылуучу кошумча төрт дүкөн ачылат

Алар борбордук базардын эки жеринде жана Ош шаарынын чыгыш тарабында Фуркат айылында, батыш тарабында Төрөбай Кулатов кичи районунда жайгашат. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

“Бүгүнкү күндө “Тулпар” ун комбинатында ун үзгүлтүксүз сатылып жатат. 50 кг салмактагы бир кап ундун баасы 1350 сом. Бул дүкөндөрдө да баалар ишканадагыдай болот. 10-20 каптан алууга болбойт. Шаар тургундарына бир-эки каптан сатылат”, – деди Абсаттаров.

Ош шаарында 18-мартта унга талап күчөп, «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасында ун сатып алууну каалоочулардын узун кезеги пайда болгон.

Бул Кыргызстанда коронавирус боюнча алгачкы фактылар катталган учурга туш келди. Ага чейин азык-түлүккө болгон муктаждык 14-15-март күндөрү күчөп, 15-март күнү базардагы ун сатуучу жайлар жабык турган. Жергиликтүү бийлик шаарда азык-түлүк жетиштүү экенин белгилеп, шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда.

18-марттагы расмий маалымат боюнча Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келгендердин арасынан үч жарандан коронавирус табылды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button