Мыйзам жана укук

Орусиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясы Бишкек менен Ошко аба каттамдарын токтотту

Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эл аралык каттамдарынын графигин өзгөрттү.

Авиакомпаниянын сайтындагы маалыматка таянсак, быйыл 28-марттан 30-апрелге чейин Москва шаары менен дүйнөнүн 84 шаарына, анын ичинен Бишкек жана Ош шаарларына болгон аба каттамдарын токтотот.

Авиакомпаниянын веб-сайтынан же байланыш борборунан алдын ала билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы дароо кайтарылып берилет. Мындай жүргүнчүлөр «Аэрофлоттун» сатуу кеңселеринин же агенттиктеринин мурда билет сатып алган бөлүмдөрүнө кайрылат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт