Дүйнө

Орусияда Путиндин кайра шайланышына жол ачкан конституциялык өзгөртүүлөргө каршы митинг өтөт

Орусияда оппозиция өкүлдөрү Владимир Путиндин кайра шайланышына жол ачкан конституциялык өзгөртүүлөргө каршы митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу «МБХ медиа» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Ачык Орусия» уюму, «Өзгөрүүлөр партиясы» жана «Жарандык коом» кыймылы 21чи же 22-мартта Москванын Сахаров проспектисинде митинг өткөрүү боюнча Москва мэриясына кайрылышты. Алар митингге 50 миң киши катышарын жазышкан.

10-мартта Мамлекеттик Дума Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, Владимир Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылып, ал 2024-жылы өтө турган шайлоодо талапкерлигин коюуга укук алат.

Добуш берүүнүн алдында Путин мындай сунушка «Конституциялык сот жактырган шартта гана макул болорун» айткан.

«Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек», – деген Путин.

Жыл башында Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен парламенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүүнү сунуштаган.

67 жаштагы Путиндин бийлик башына келгенине 20 жыл болду.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close