Дүйнө

Орусия Трамптын чечимине каршылык көрсөттү

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова АКШда саясатчылардын «дайыма күнөөлөй турган бирөөнү» тапкандыгын жактады.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова АКШнын президенти Дональд Трамптын Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму  ДСУга  берген фондду токтотуу чечимин сынга алды. Захарова Россиянын маалымат агенттиги ТАССка берген билдирүүсүндө АКШда саясатчылардын «дайыма күнөөлөй турган бирөөнү» тапкандыгын жактады.

АКШнын Кытай жана ДСУну коронавирус эпидемиясынан улам күнөөлөгөндүгүн белгилеген Захарова:

«Хиллари Клинтондун жеңилишинен улам Россияны, АКШдагы саламаттык сактоо системасындагы маселелер үчүн да Россиянын президенти Владимир Путинди күнөөлөп жатышат. АКШ үчүн негизги нерсе өздөрүнүн күнөөсүз экендигин далилдөө үчүн кыялындагы далилдер менен күнөөлүүнү табуу»,- деди.

Россиянын вице  — премьер  — министри Сергей Рябков  да Вашинтондун кечээ чыгарган чечиминин тынчсыздантуучу экендигин белгилеп:

«Бул АКШ жетекчилеринин  эпидемиядан улам дүйнөдө болуп жаткандарга карата өзүмчүлдүк кыймылы. Эл аралык коомчулуктун негизги күн тарип беренеси болгон мезгилде урулган бул сокку айыпталып жана сынга алынышы керек»,- деди.

АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ берген маалыматында ДСУнун Кытай үчүн иштегендигин жана эпидемия тууралуу шалаакылык кылгандыгын айтып өлкөсүнүн уюмга берген фонду токтотушкандарын жарыялаган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт