Дүйнө

Орусия Сириянын Идлиб аймагына кайрадан абадан сокку урду

Бул кол салуулардан улам акыркы 24 саатта 5 834 жаран Түркия чек ара капкасына карай көчүүгө мажбур болду.

Сириянын Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы ок атышпоо эрежесин бузган Россиянын абадан  кол салуусунда 1 жаран каза болуп, 8 жаран жараланды.

Россия абадан, Башар Асад өкмөтү менен Иран колдогон террордук топтордун кургактыктан жасаган кол салууларында акыркы 24 саатта 5 834 жаран жерлеринен чыгып кетти.

Аймакта  миграция маалыматтарына байланыштуу иш алып барган Сирия кийлигишүү координаторлугунун директору Мухаммед Халлаждын маалыматына караганда өзгөчө Россиянын  абадан кол салуусунан Жебел Завийе жана Жебел Шахишбо аймагынан Кенсафра аймагы менен Мозара Аинларуз, Фаттира, Бара менен Кеферавид айылдарынан элдер көчүшкөн.

Бул кол салуулардан улам акыркы 24 саатта 5 834 жаран Түркия чек ара капкасына карай көчүүгө мажбур болду.

Ок атышпоодон пайдаланган 285 403 жаран үйлөрүнө кайра кайткан болчу.

Россиянын аскердик учактары кечээ ок атышпоо эрежесин бузуп, жарандык отурукташуу жана фронт жолдоруна жасаган абадан кол салуусунда эң аз 3 жаран каза болуп, 3 жаран жараланган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button