Дүйнө

Орус оппозициясы «YouTube» аркылуу онлайн митинг өткөрөт

Орусияда айрым оппозициялык саясатчылар 28-апрелде “Жашоо үчүн” аттуу онлайн митинг өткөрө турганын жарыялады. Митингдин негизги талабы пандемия убагында мамлекеттен каржылык жардам, чакан бизнести салыктан бошотуу жана Конституцияны өзгөртүү боюнча добуш берүүнү токтотууну талап кылышат.

Митингге катышууга саясатылар Дмитрий Гудков, Лев Шлосберг, Максим Резник, Юлия Галямина, Констанстин Янкаускас, журналисттер Андрей Пивоваров жана Илья Азар, экономист Сергей Гуриев, адвокат Мария Эйсмонт катышууга макулдук берди.

Уюштуруучулардын бири, “Ачык Орусия” кыймылынын пресс-катчысы Константин Фомин митингдин форматы көчөдөгү нааразылык акцияларына окшош болорун, башкача айтаканда, катышуучулар көтөргөн баракчалар экрандан көрүнүп турарын вйтты.

Журналист Илья Азар “онлайн митинг учурда өз позицияңды билдирүүнүн жалгыз мүмкүнчүлүгү” деди. Ал митингге катышуучулардын саны көчөдөгү акциялардан кем болбойт деп божомолдойт.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт