«Мекенчил» партиясынын мурдагы тең төрайымы, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун мурдагы жигердүү тарапташы Орозайым Нарматова учурда өлкөбүздө болуп жаткан кымбатчылык, туруксуздук, авиакаттамдагы көйгөйлөр ж.б маселер боюнча кеп козгоду.
Активисттердин камалышы боюнча пикирин билдирип, Садыр Жапаровдун эски күндөрүн эске салды. Муну «Сынган Кылыч» тарыхый романындагы хан Шералынын чокоюн унуткан күндорүнө салыштырып, Садыр Жапаров өзүнүн чокоюн унутуп калганын эскертти.