Коом

Орду толгус жоготуу… Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов оорудан улам каза болду.

Белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов оорудан улам каза болду.

Бул тууралуу анын шакирттеринин бири Мелис Шерматов кабарлады. Ал алгач улуттук госпиталга оор абалда түшүп, көпкө узабай чын дүйнөгө кете берген.

Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда араб тили, андан соң фикх боюнча билимин жогорулаткан.

Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-1998 — Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
  • 2005-2007 — Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
  • 2008-2010 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде мугалими;
  • 2010-2012 — Кыргызстандын азирети муфтийи;

Жаткан жериңиз жайлуу, ыйманыңыз саламат болсун!

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close