Аналитика

Ооганстандагы азыркы абал

Афганистанда кан тѳгүлүп, кризис уланууда. 2020-жылдын 20-мартында Ооганстандын Забул аймагындагы коопсуздук күчтѳрүнүн арасына кирген “Талибан” согушкерлери чабуул жасап, жыйырмадан ашуун кишинин ѳлүмүнѳ себеп болушту. Мындан 2 апта мурда да, тагыраак айтканда 6-март күнү  Кабулда ѳткѳрүлүп жаткан эскерүү иш-чарасына бомба жана башка  курал-жарактар менен кол салуу болуп, 27 киши каза болгон эле. Мындай кол салуулар чакан масштабда күн сайын уюштурулуп, натыйжада инсандар ѳлүмгѳ дуушар болушууда. Ооганстандагы БУУнун Жардам миссиясынын февраль айында жарыялаган отчетуна караганда, акыркы 10 жылда аталган ѳлкѳдѳ 100 миңден ашуун жаран каза болгон же жаракат алган.

2020-жылдын 29-февралында Доха шаарында АКШ менен  “Талибандын” ортосунда тынчтык келишимине кол коюлду. Келишимге ылайык, АКШ жоокерлери 14 айдын ичинде Ооганстандан чыгып кетиши керек. Бирок акыркы бир айда болгон окуялар аталган келишимдин кагаз жүзүндө калып, иш жүзүнө өтө элегинен  кабар берүүдө.

Адистердин кѳпчүлүгү бул келишимдин  ишке ашпай жаткандыгына ѳлкѳдѳгү саясий кризис себеп болуп жаткандыгын белгилешүүдө. Ѳткѳн жылы Ооганстанда президенттик шайлоо ѳткѳрүлгѳн. Бирок бул шайлоонун чыры дагы деле уланып жатат. Ооганстандын эркин шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык шайлоодо жеңип чыккан Ашраф Гани (%50,64) да,  экинчи болгон Абдуллах Абдуллах (%39,52) да 2020-жылдын 9-март күнү ѳзүн президент деп жарыялап, экөө тең  инагурация өткөрүшкөн.

АКШ-Талибан келишиминде, камактагы 6 миң “Талибан” мүчѳсүнүн чыгарылышы каралган. Бул маселе ѳлкѳдѳ кызуу талкууланып жатат. Алигиче бул маселе боюнча тараптар бир жыйынтыкка келише элек. Бул маселе ѳлкѳнүн келечегине түздѳн-түз таасирин тийгизет десек жаңылышпайбыз.

АКШ менен “Талибандын” ортосунда кол коюлган келишимдин жүзѳгѳ ашырылышы үчүн алгач эл аралык акторлордун ѳз ара макулдашууга жетишүүсү зарыл. Ооганстанда Пакистан, Иран, Кытай, Россия, Түркия жана Европа Биримдигинин сѳзү ѳтүмдүү. Аты аталган мамлекеттер ѳз ара макулдашууга жетишпесе, Ооганстандагы абалдын оңолушу кыйын. Ооганстандагы президенттик кош иннагурацияда бул нерсе ачык билинди.

Акыркы жылдарда ϴзбекстан Ооганстандагы кризистин чечилиши үчүн аракет кылууда. Бул эки мамлекеттин кошуна болушу жана Афганистанга чогула баштаган террористтердин Орто Азияга кол салуу ниеттери, ϴзбекстандын бул маселе боюнча жигердүү иш алып барышын талап кылууда.

Ооганстан март айында 5 ирандык дипломатты “персона нон-грата” (кааланбаган адам) деп жарыялап ѳлкѳдѳн чыгарды. Маалым болгондой эле, Иран буга чейин ооган жаштарынан “Фатимиййун” аттуу аскердик батальон түзүп, Сирияга жиберген. Тегеран бийлиги “Талибан” менен да сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзгѳн. Ирандын Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүсү, Кабул бийлигинин нааразычылыгын туудурууда.

Пакистан Ооганстандагы маселелерге жигердүү катышпаса, “Талибандын” ооган саясатына интеграцияланышы кыйын болмокчу. Пакистан бийлиги Ооганстанда стабилдүүлүктүн сакталышы, саясий лидерлердин ѳз ара макулдашууга жетишүүсү үчүн жоопкерчилик алышы зарыл.

Ооганстанда акыркы убакта болуп жаткан окуялар, АКШ-“Талибан” келишиминин азырынча таасирдүү боло албай жатканын кѳрсѳтүп жатат. Ооганстанда стабилдүүлүктүн орнотулушу кѳптѳгѳн ички жана тышкы факторлорго байланыштуу болуп саналат. Көпчүлүккө маалым болгондой эле, Ооганстандын саламаттыкты сактоо системасы начар абалда. Бүтүндѳй дүйнѳгѳ терс таасирин тийгизип жаткан коронавирусу эгерде Ооганистанда жайыла берсе, ѳлкѳдѳгү абал мындан да начарлашы толук мүмкүн. Ошондуктан Ооганстандагы саясатчылар эң кыска убакытта ѳз ара макулдашууга жетишиши керек.

Автору
Абдрасул Исаков
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт