Саясат

Олигархия же үч баштуу ажыдаар

Олигархия саясатка аралашкан мамлекеттин келечеги будуң-чаң болот. Муну Россиянын жакынкы тарыхы жана өзүбүздүн болуп жаткан өтмүшүбүз далилдеп турат.

Россия бийлигинин башында Борис Ельцин турганда Борис Березовский, Владимир Гусинский, Михаил Ходорковский, Петр Авен, Александр Смоленский сыяктуу банкир-олигархтар Россиянын телеканалдары, гезит-журнал, банк, кен байлыктарын бүтүндөй колго алып, мамлекеттин бардык ресурстарын жеке пайдаларына иштете баштаган. Мындай көрүнүштөн орус мамлекети алсырап, бир ууч олигархтар кутуруп байыган. Орус мамлекети мына ушул бир ууч олигарх үчүн гана кызмат кылып калган.

2000-жылы бийликке келген Владимир Путин олигархтарды саясаттан алыстатты. Баарыңар бирдей аралыкта тургула деген тартип киргизди. Олигархтардын мамлекеттин саясатын аныктоого таасири өтө азайды.

Кыргызстандын өзүнө жараша олигархтары 2010-жылы, өзгөчө 2015-жылы партия курап, парламентке келип, мамлекеттик саясатка, демек мамлекетти өздөрүнүн пайдасына иштетүүгө, мамлекеттин ресурстарын “мыйзамдуу жолдор менен” талап-тоноого активдүү киришти.

Көбүнэсе олигархия түзгөн, олигарх-коммерсанттардан турган 2015-жылы шайланган Жогорку Кеңеш эң алсыз болгону жалпы калкка белгилүү. Мына ушундай кейиштүү абалга карабай Кыргызстанда олигархтарды мамлекеттин саясатынан алысыраакта турууга мажбурлаган президент болбоду. Тескерисинче, Алмазбек Атамбаев, андан кийин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарга таянып, парламент түптөп жатышат. Алар түптөгөн парламентке каралар да беш-ондоп кирип алды.

Мындай парламент, президент өлкөнү экономикалык катастрофага алып келди.

Азыркы кезде Сооронбай Жээнбеков өзү “Биримдик” партиясын түзүп, аны парламентке алып келүүгө умтулууда. Бул партияга да олигарх-коммерсанттар, мурунку чиновниктер толтурулат. Айрым каралар кириши да ыктымал.

“Биримдиктин” оң жагында айтылуу алкоголь олигархы Шаки “Кыргызстан” партиясы менен тирөөч болгону турат. Сол жагында Раими-миллион “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен келатат. Мына ушул олигархиялык партиялар менен Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылы парламентти, өкмөттү түптөөгө жан үрөп жатат.

Үч баштуу ажыдаар келатат!

Бул үч баштуу ажыдаар-парламент Кыргызстанды экономикалык эле эмес, андан оор катастрофага алып келиши мүмкүн…

Айданбек Акматов, журналист

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Автору
Айданбек Акмат уулу
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button