Ден-соолукКоом
Маанилүү

Нурболот Үсөнбаев Бишкекте коронавирус боюнча абал кооптуу экенин эскертти

Бишкек шаарында коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптуу абал сакталууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы онлайн брифингде билдирди. Үсөнбаев баш калаанын жашоочуларына кайрылып, этият болууга чакырды.

Анын айтымында, санитардык эрежелерди колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, беткап кийүү азыр деле маанилүү болуп турат.

Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери өлкөдө илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпысынан 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

26-августка карата вирус жалпы 43358 кишиге жукту. Анын 37 217си айыгып чыкты. Кыргызстан боюнча вирус жугузуп алгандардын 40,3% Бишкекте.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button