Ден-соолукКоом
Маанилүү

Ноокатта коронавирустан каза болгон киши жерге берилди

Маркумдун сөөгүн жерге берүүгө жана жаназасына турууга туугандары катыша алган жок. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйында билдирди.
 

«Коронавирустан каза тапкан ноокаттык жаранды жерге берүүдө 5-6 адам гана болду. Жаназасы ошол жерде окулду.Эпидемия учурунда сөөктү көмүүнүн эрежелери сакталды», — деди ал.

 
Коронавирус жуккан бир адам 2-апрелде каза болгону кабарланды. Маркум Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну экени айтылды.
Өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын саны 130 кишиге жетти. Анын ичинен айыккандардын саны бешөө болсо, бир адам каза болду.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт