БийликМыйзам жана укукОкуяларПартиялар
Маанилүү

Нарында “Мекеним Кыргызстандын” балдары “Республиканын” координаторун сабап кеткенби?

Нарында “Мекеним Кыргызстандын” балдары “Республика” партиясынын координаторун сабап кеткен. Мындай билдирүүнү “Республика” партиясынын талапкери Тынчтыбек Алтымышев билдирди:

“Аравандагы окуя Алышта кайталанды. Түндөп келип, “Мекеним Кыргызстан” партиясына иштеген Долон аттуу чала спортиктер “Республика” партиясынын координаторун “Эмнеге биздин форма 2лерди сен кайра форма1 кылып атасың” деп сабап кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, зөөкүрлөр башына секирип, кабыргасын сындырган.
Эми Нарын РИИБи, Улан байке Алиев кандай чара көрөөр экен?!
Мыйзам чегинде аягына чейин турабыз!
-Контро-бандиттердин орду тор артында!”
Бул окуя боюнча “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” партиялары азырынча расмий билдирүү таратыша элек.
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button