БийликДен-соолукӨкмөт
Маанилүү

Нарын облустук ооруканасы жабылып, облус жетекчилигине сөгүш жарыяланды

Облус жетекчиси өмүргө өтө коркунуч келтирбеген илдеттер болсо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну өтүндү. Башкы оорукананын айланасы толугу менен курчалган.

Коронавирус илдетинин курчуп кеткендигине байланыштуу Нарын облустук бириктирилген оорукананын бир нече бөлүмү убактылуу жабылганын аталган облустун башчысы Эмилбек Алымкулов билдирди.

“Ушул тапта психонаркология, терапия, неврология жана балдар бөлүмдөрү убактылуу жабылды. Ал эми кардио-пульмонология, травмотолия, хирургия, жугуштуу оорулар, реанимация жана төрөт бөлүмдөрү, лабораториялар иштеп жатат. Дарыгерлер менен кеңешип, тургундар өмүргө өтө коркунуч келтирбеген оорулар боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылса болот”, — деди Алымкулов.

Ошондой эле ал облустук оорукананын айланасы толугу менен курчалганын айтып, адамдар, унаалар өтө зарыл иштер менен гана кирип жатканын белгиледи.

кмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймакта коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алды.

Бүгүн, 27-майда, парламенттин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Нарын облусундагы абал боюнча суроого жооп берип, мындай деген:

“Нарын шаарында коронавирус облустук ооруканада, төрөт үйүндө тарап, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен көп аныкталды. Нарын облусунун Ат-Башы районуна, Нарын шаарына коронавирус жаңы аныкталган учурда эле коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген. Ошого карабай оорунун жайылып кетүүсү боюнча учурда тийиштүү иликтөө жүрүп жатат. Өз убагында чара көрбөгөн жетекчилер жооп беришет” .

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 учур катталды. Анын ичинен 17 учур – Нарын облусунда. Ал эми өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саным 1520 болсо, анын ичинен 297си Нарын облусунда катталды.

Нарын шаарында – 175;

Ак-Талаада – 19;

Нарын районунда – 1;

Ат-Башы районунда – 77;

Кочкор районунда – 11;

Жумгал районунда -14 учур катталган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button