Анда митингдин катышуучулары Нариман Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруу укугун алгандыгына макул эмес экенин билдиришүүдө.
«Чоң Казат» партиясынын мүчөсү, активист Асхат Осмонов өз сөзүндө:
“Түлеевдин кызматка убактылуу келдим”, — дегени туура эмес. Милдетин аткара турган башка жаш кадрлар толтура. Биз эскилердин келишине каршыбыз. Кечээки митингдин максаты тебеленип жатат”, — дейт.
Ошондой эл митинг учурунда активист Асхат Осмонов Нариман Түлеевге кайрылып:
«Мэр болууга мен гана татыктуумун. Сиздин ал жерде олтурууга таптакыр моралдык укугуңуз жок» деди ал.
Мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев митингдин уюштуруучуларын кабыл алып, өкмөттөн жаңы мэр бекитилсе, биринчи вице-мэр катары ишин улантаарын билдирди.
“Биринчи вице-мэр болгондугум үчүн бул милдеттин мага убактылуу өтүшү мыйзамдуу».