Бийлик

Нариман Түлеев: “Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарат”

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду, деп билдирди Нариман Түлеев.

Нариман Түлеев буга чейин биринчи вице-мэр кызматына дайындалган. Ошол кездеги мэр Азиз Суракматов отставкага кеткенден кийин мэрдин милдетин аткаруучу болгон. Ага нааразы болгон адамдар мэриянын алдына чогулуп, Түлеевдин кетишин талап кылышкан. Кийинчерээк Түлеев отставкага кеткенин билдирип, бирок арызын кайра артка кайтарып алган.

Ал келе жаткан дүйшөмбү күнү расмий түрдө кызматынан кетерин кошумчалады.

Балбак Түлөбаев буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси кызматында иштеген. Андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болгон

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button