АналитикаМыйзам жана укук
Маанилүү

Мыйзам боюнча кимдер мэр боло алат, кимдер боло албайт?

20-октябрда мэр Азиз Суракматов отставкага кетүүгө арыз берген. Мэрдин милдетин аткаруу укугу биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевге берилген. Түлеевдин мэрдин милдетин аткарышына каршы 21-октярда митинг уюштурулуп, ал өз арызы менен кызматын тапшырган. Ошол күндөн тарта “өзүн мэрликке сунуштагандар” жана “мэр болуу үчүн Жапаровдун батасын алдым” дегендер пайда болду.

Мындан улам “өзүм билемдик менен мэрияны басып алуу же “колдоосун алып келдим” деп өзүн мэр деп жарыялоо мыйзам боюнча туурабы? Боло береби?” деген суроолор пайда болууда. Биз бул суроолорго жооп издеп көрдүк:

Мэр деген ким? Мэрия кандай орган?

Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэр башында турган мэрия болуп эсептелет.  Шаарга мэр Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү, жогорку билими жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта иш стажы же болбосо мамлекеттик билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жаран боло алат.

Талапкерлерди кимдер сунуштай алат?

“Бишкек шаарынын статусу жөнүндө” КРдин мыйзамынын 23-беренесине ылайык, мэр болууга талапкерлерди Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялардын коалициясы  көрсөтүүгө укуктуу. Жана ошондой эле азыркыдай кырдаалда же башка зарылчылыктардан улам премьер-министр көрсөтө алат жана ал мэрдин милдетин аткаруучу болуп иш алып баруу укугуна ээ болот.

Ошол эле берененин 4-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.

Кимдер мэр боло алат, кимдер боло албайт?

“Бишкек шаарынын статусу жөнүндө” КРдин мыйзамынын 22-беренесине ылайык жогорку билими бар, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда жетекчи болуп 5 жылдан кем эмес иштеген, кыргыз тилин эркин билген Кыргызстандын жараны мэр болууга укуктуу.

Ал эми мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаган (соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан) жарандар талапкер боло албайт. Ошондой эле чет элдин жараны мэр болуугу укугу жок.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button