БийликӨкмөтЭкономика

Мурунку министр А.Новиков жаңы кызматка дайындалды

Новиков Артем Эдуардович премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

А.Новиков буга чейин экономика министри болуп иштеген. Ал 1987-жылы мурунку Фрунзе шаарында төрөлгөн. Балтий мамлекеттик техникалык университеттен экономист-менеджер адистигине ээ болгон.

– 2011-2012-жылдары — мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси;

– 2014-2015-жылдары — мурунку премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси;

– 2015-жылы — мурунку биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси болгон.

Булак
Баракелде
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button