КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

«Мурас-Ордо» конушунда өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды

«Мурас-Ордо» жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шек саналып, анын агасы кармалды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди:

«Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 17-мартта түшкү саат 12:40тар чамасында маркумдун энесинен телефон чалуу болгон. Милиция барганда 13 жаштагы өспүрүм моюнунан, ичинен жаракат алып, көз жумганы аныкталган. Ал талма оорусу менен жабыркагандыктан, дайыма жанында жакындары карап турган. 17-мартта 16 жаштагы агасы менен үйдө калган. Милиция барганда ал үйдө жок болуп чыккан. Айылга жакын жердеги талаадагы камыштын арасында жашынып жаткан жеринен табылды».

Милициянын маалыматына караганда, шектүү ага-ини ортосунда кайым айтышуу болгонун айтып, кылмышты моюнга алган.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки иликтөө башталды. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт