БийликДен-соолукИлим-БилимКоомӨкмөт

Мугалимдер 8-апрелге чейин үй шартында иштөөгө кое берилди – Билим берүү министрлиги

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчеттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер үй шартында дистанттык түрдө окутууларын өткөрүү үчүн 8-апрелге каранинге жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулгандыгына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да аталган мөөнөткө чейин үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Билим берүү мекемелеринде ЖРТга каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close