Ден-соолукКоомМыйзам жана укук

Муфтият: Быйыл Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтты окулбайт

Бул тууралуу  муфтияттын басма сөз кызматы билдирди:

“Урматтуу мекендештер! Кыргыз Респуликасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин  салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп  кетүүсүнө жол бербөө максатында зарылчылыкка жараша жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле   2020-жылдын 24-майындагы  Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын  маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен  үйлөрдө майрамдайбыз.

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин  КТРК телеканалынан Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата  куттуктоосу жана кайрылуусу болот”-деп айтылат кабарда

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт