Аналитика
Маанилүү

Муфтийликти мелжегендер: Бириңерден бириң эр, муфтий болчу кимиңер?

Муфтийдин ордун ким ээлеши мүмкүн? Муфтийликти мелжегендердин тизмеси

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин кызмат ордуна шайлоо жазында өтөт. Азырынча аталган кызматка талапкерлердин ысымдары белгисиз. Бирок, акыркы учурда дин кызматкерлеринин айланасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу, адамдардын оозунда бир нече фамилиялар бар. Алардын бири муфтийдин ордун ээлеши мүмкүн деген тыянак чыгаруу кыйын эмес, бирок өзүлөрү бул кызматка арыз берип жаткандыгын азырынча ачык жарыялай элек.

Муфтийликти мелжегендер

Муфтийликке талапкерлерди каттоо 17-февралда башталып, 17-мартка чейин уланат. Андан кийин, КМДБнын муфтийин Кыргызстан Уламалар Кеңеши тарабынан шайлоо процесси жүрөт. Талапкерлерди каттоо үчүн аттестациялык комиссия түзүлдү. Буга чейин канча талапкер катталганын билүү үчүн Уламалар кеңешинин басма сөз кызматына байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эскерте кетсек, ДУМКнын экс-муфтийи Токтомушев кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал жана дин башкармалыгынын башкы бухгалтери УКМКнын кызматкерлерине ири өлчөмдө пара берген, ошондой эле ажылардын ажылык милдетин аткарууга кошкон каражатын пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга шектелген. Соттун чечими менен экс-муфтий үй камагына чыгарылган.

Рахматулла ажы Эгембердиев

Эгембердиевди президенттин кеңешчиси Арзыбек Бурханов колдойт, бирок бул маалыматтын расмий ырасталган жок.

Рахматулла ажы Эгембердиев 1977-жылы 28-февралда Баткен облусунда туулган.

2012-2014-жылдар аралыгында Рахматулла ажы Эгембердиевдин мурдагы муфтийинин ысымы сексуалдык ызы-чууга байланыштуу кыргыз элинин эсинде калган.

Ал муфтийлик кызматынан Интернетте бир аял менен жаткан видео тарап кеткенден кийин кеткен. Видео жашыруун камерага тартылып алынган. Эгембердиев чуулгандуу видеодогу  анын (никедеги) аялы экендиги менен түшүндүргөн. Белгилей кетүүчү нерсе, анда, азыркыдай эле, Кыргызстанда дагы, көп аял алууга мыйзам тарабынан тыюу салынган.

Рахматулла ажы Эгембердиев

Баса, бул Эгембердиевдин кадыр-баркына шек келтирген жалгыз факты эмес. Ал учурда Меккеге ажылык сапарын уюштуруудан түшкөн кирешеге салык төлөөдөн качкан деген айып менен тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына карабастан муфтий болгон.

Бардык сын-пикирлерге жооп кылып, ал жогорку даражалуу чиновниктер ага кысым көрсөтүп, президенттин артында жашынып жатышканын билдирди.

2015-жылы муфтияттын мурунку башчысы качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары аны Түштүк Казакстан облусунда УКМКнын суранычы менен кармашкан. Сарыагаш райондук соту аны убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган. Эгембердиев өзү Казакстандан башпаанек издөөнү көздөгөн. Убакыттын өтүшү менен чуулгандуу окуялар басылып, экс-муфтий жөнүндө ДУМКдагы акыркы жаңжалга чейин эч нерсе угулган жок. Ушул окуяларга байланыштуу, ал Жогорку муфтийликке талапкерлигин койсо болот.

Аны эки компаниянын директору жана биргелешип негиздөөчүсү көрсөтөт: «Исра» туристтик компаниясы жана «Торо Плюс» ЖЧКсы. Эки компания тең бир даректе катталган.

Абибилла Кадырбердиев

Абибилла Кадырбердиев — Кыргызстан Уламалар Кеңешинин төрагасы. Ал 1977-жылы 19-декабрда Баткен облусунда туулган. Диний карьерасын баштаганга чейин ал ата-бабаларынан калган айылда мектепте сүрөт мугалими болуп иштеген. 2007-жылдан бери медреселерде, мечиттерде, казыяттарда, муфтиятта иштеп, 2019-жылдан бери Кыргызстандын Уламалар Кеңешинин төрагасы.

Абибилла Кадырбердиев

Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев камакка алынганга чейин берген маегинде, Уламалар Кеңешинин башчысы Абибилла Кадырбердиевдин да тийешеси бар экенин айткан.

Султанали Гапуров

ДУМКда болуп жаткан окуяларга байланыштуу дагы бир ысым көп чууга аралашты — Султанали Гапуров. Ал ДУМКнын даават (динди жайылтуу) бөлүмүнүн адиси. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-башчысы Акин Токталиевдин аны Муфтийликке талапкерлигин коюуга тапшырма алганын билдирген.

Султанали Гапуров

Токталиев президенттик администрациянын бөлүм башчысы Искендер Гаипкулов менен Садыр Жапаровдун бейрасмий кеңешчиси Арзыбек Бурхановдун ысымдарын атаган.

«Бул эки адам Султан Гафуровду (Султанали Гапуров. — ред) муфтийдин кызмат ордуна дайындоону талап кылып жатышат», — деген.

Искендер Гаипкуловдон жана Султанали Гапуровдун өзүнөн комментарий алууга аракет кылдык. Бирок экөөнө тең байланышууга мүмкүн болгон жок.

Гапуров эки компаниянын негиздөөчүсү: «Es Ti Travel» туристтик агенттиги жана «Al-Fath» ЖЧКсы.

Марс Ибраев

Ислам Университетинин мурунку ректору Марс Ибраевдин ысымы да муфтий болчулардын тизмесинде турат. Анткени ал Түркияда террористтик топ деп табылган «ФЕТӨ» (Фетуллах Гүлендин Террористтик Уюму) лидерлеринин бири катары айтылып жүрөт.

Марс Ибраев 1975-жылы Нарын облусунун Ат-Башин районунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1992-2002-жылдары Египетте окуган. Египеттин аль-Азхар Ислам Университетин аяктаган. БГУнун Чыгыш таануу факультетинин магистратурасын аяктаган.

Марс Ибраев

2003-жылы Кыргызстанга кайтып келгенден кийин достору менен биргеликте «Адеп башаты» коомдук-прогрессивдүү фондун түзгөн. 2007-2014-жылдары Ош шаарында «Адеп башаты» фондусун жетектеген. Кийин Кыргыз Ислам Университетинин проректору, андан кийин Абдишүкүр ажынын оордун ээлеп өзү ректор болгон.

Жоробай ажы Шергазыев

Эгерде муфтийдин мурунку орун басарлары муфтийдин милдетин аткаруучу болгонун эске алсак, Жоробай ажы Шергазыев бул кызматка «тапталышы» мүмкүн. Буга чейин ал муфтийдин орун басары болгон, ызы-чуу менен кеткенден кийин Максат ажы Токтомушевдин ордуна убактылуу муфтийдин милдетин алган. Бирок муфтияттын басма сөз кызматы муну четке каккан.

Жоробай ажы Шергазыев

«Ал муфтий шайланганга чейин иштейт. Ал кызматын тапшыргандан кийин. Шайлоого барбайт», — деп билдирген.

Жоробай ажы Шергазыев 1974-жылы 27-августта Баткен облусунда туулган. Алгач «Азирети Умар» атындагы медресени, андан кийин Египеттин «Аль-Азхар» Ислам Университетинин шарият факультетин аяктаган. Андан кийин БГУда «Чыгыш таануу, эл аралык мамилелер» багытында окуган. 2011-жылдан баштап ДУМКда, ал эми 2016-жылдан бери муфтийдин орун басары.

Ниматулла ажы Жээнбеков

Ниматулла ажы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакын достордон болору көпчүлүккө белгилүү. Ташиев УКМКга төарага болору менен өкүл баласын Жалал-Абадга губернатор кылып бекиттиргени ЖМКда башкы темага айланган. Бирок, ошол эле учурда досу Ниматулла ажы Жээнбековдун облус казысы болуп шайланганы көз жаздымда калган.

Нематулла ажы Жээнбеков Борбордук «Имам Аль-Бухари» мечитинде имам болуп иштеген. Буга чейин «Түз Багыт» медиясынан чыгып, элге насааттарын айтып жүргөн. Бийлик бир нукка түшпөй, ызы-чуу, чаң-тополоң учурунда казыятка жетекчи болуп келгенден кийин 25-январда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков буга чейин Жалал-Абад облусунда казы болуп иштеп кеткен  казылар менен жолугушуп, алар менен баарлашканы маалым.

Кадыр ажы Маликов

Дин таануучу катары таанылган Кадыр Маликов муфтийликке кызыккандардын катарына кошулду. Ал жарым жыл мурда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалган.

Кадыр ажы Маликов

Кадыр Маликов 1972-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2006-2007-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык иликтөөлөр борборунун исламды изилдөө тобунун жетекчиси, Кыргыз-Орус (Славян) университетине караштуу стратегиялык талдоо жана алдын-ала божомолдоо институтунун ислам изилдөөлөрү боюнча жетектөөчү адиси болуп эмгектенген. 2017-жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келаткан.

Ал акыркы окуяларга байланыштуу муфтийдин орун басары болуп турганына карабастан өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бул окуядан кийин пост жазган. Анда ал «болуп жаткан окуяларга аралашкан эмесмин, алардын көбүн маалымат каражаттарынан жана башка адамдардан угуп-билип жаттым», деп билдирген. Анын айтымында, ажылык сапар пандемиядан кийинкиге жылган соң муфтиятта каржы тартыш болуп, реформаларды жүргүзүүгө техникалык жана каржылык колдоолор азайган. Ошол эле маалда ажылыкка чогултулган акчаны атайын эсепке салып, андан пайыз алып туруунун өзү Маликовду «нес» кылганын жазган. Бул окуялар «салттуу ишенимге, мечитке, жалпы муфтиятка катуу сокку» болуп кала берерин билдирген.

Көп өтпөй ал муфтийдин орун басарлыгынан шыпырылган.

Кадыр ажы Маликовдун аялы Элиана-Марьям Сатарова «Умма» журналынын ээси. Бул үй-бүлүнүн Орусиялык мээлүүн исламды колдоочу Шамиль Аляутдинов менен байланышы бар экени айтылып келет. Кадыр Маликов кыргыз тилинде эркин сүйлөй албагандыктан, алгач кыргыз тилин үйрөнүүгө басым жасашы керек.

Замир Ракиев

Замир кары Ракиев 1978-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Дин жана чыгыш таануу боюнча жогорку билими бар. Эмгек тажрыйбасында медреселерде мугалим, Нарын облусунун казысы жана башка кызматтарда иштеген. 2017-жылдын май айынан тартып муфтийдин орун басары болуп иштеп келген. Анын «Адеп Башаты» фондусу менен жана ФЕТӨ уюмуна тийешеси бар экендиги белгилүү. Алардын көзгө басар кадры катары айтылып келет.

Замир кары Ракиев

Муфтийдин мурдагы орун басары Замир Ракиев «Гүлен» жамааты менен Максат ажынын тирешинен улам  муфтий орун басарлыгынан ыргытылып, 10-августта Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган.

 

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт