Аналитика

Муфтияттагы миллиондор, бийлик талашкан жамааттар

КЛАНДАР КАРМАШЫ

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы коррупциялык жаңжал бул органдын тегерегиндеги кландардын күрөшүн күчөттү. Же, тескерисинче, бул күрөш чыр-чатакка алып келди: эгер муфтияттын ички иштери дагы да ырбап кетишине кимдир бирөөлөр кызыкдар экени бештен белгилүү. Мындай талаш-тартыштар ар дайым уланып келген. Эсиңиздеби, Кыргызстандагы диний коомчулукта биримдик жок деп буга чейин бир нече ирет жазганбыз?

Бирок бардыгы салыштырмалуу акыркы 10 жылдык туруктуу болду. Эгемендүүлүктөн кийинки бардык муфтийлер өз кызматтарын ызы-чуу менен таштап кетишкен. Бул жолу да салт бузулган жок. Бирок учурдагы ызы-чуу мынчалык чоң болуп, мамлекет башчысы да ага катышып калганы, туруштук бере албай алдастап калганы кызык болду.

Президент телеканалдардын бирине берген маегинде Муфтияттагы махинацияларды жоюуга, ызы-чууну басууга жеке өзү катышкандыгын айтты. Садыр Жапаровдун айтымында, Уламалар кеңеши муфтиятта текшерүү жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранган. Алар муфтий Токтомушевге каршы болушкан.

Ал эми президент «жеке бухгалтерине» текшерүү жүргүзүүнү тапшырган. (Бул кандай бухгалтер? Президенттин жеке бухгалтери барбы?)

Ошондой эле Садыр Жапаров муфтият жеке компанияга эсебинен 155 миллион сом которгонун айтты. Ал бул ири акчаны акыркы парламенттик шайлоого катышкан бир саясий партиянын шайлоо фондуна иштетилген. Башкача айтканда, диний уюм саясий уюмду колдоп, каржылаган. Бул ансыз деле кооптуу, бул сөзсүз светтик көз карашка сокку!

Бирок Жапаров эмнегедир муфтияттан ушунча көлөмдө сүт сааган партиянын атын атаган жок. Бирок, бардык карталар ачыкка чыккандан кийин, кандай саясий күч мындай ыкмаларды колдонуп жаткандыгын элге ачык билдирүү керек болчу. Келечекте мындай партияларга добуш бербеш үчүн жарандар муну билиши керек. Президенттин комментарийлери жаңы чыр-чатактарды жана карама-каршылыктарды андан бетер күчөттү. Диний жана светтик лидерлер аны сындай башташты. Бул дагы бир жолу кулатылган муфтий Токтомушевдин артында бүтүндөй бир клан тургандыгын тастыктады.

Ал эми текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов президенттин сөзүн четке кагып, муфтиятта акча манипуляциясы болбогонун жар салды. Анын айтымында, ажылык сапарга атуулдар 18 миллион 512 миң доллар беришкен. Анын ичинен ажылыктын токтотулушуна байланыштуу 7 миллион 500 миң долларды эки миңден ашуун адам алып кеткен. Ал эми калган сумма — 11 миллион доллар — демек, муфтияттын «РСК Банкындагы» эки эсебинде жатат.

Ошондой эле Нурдинов президенттин муфтият жеке компанияга которгон акчасы, андан кийин кайсы бир тараптын эсебине которулгандыгы тууралуу сөзүн четке какты. Ошол эле учурда, ал бул компаниянын атын ачыкка чыгарды — «Налоговый представитель» ЖЧКсы. Нурдиновдун айтымында, ДУМК бул ЖЧКга пайда табуу үчүн гана (башкача айтканда, пайыз менен) 155 миллион сом берген.

Компания негизги карызын муфтиятка кайтарып берген, андан 14 миллион сом «киреше» алышы керек. Ошентип, муфтияттын башкы аудитору мамлекет башчысын калп айтып жатат деп айыптады. Нурдинов экс-муфтийди коргоп жатып, ДУМKнын башкы бухгалтери Бекиев (азыр УКМКнын СИЗОсунда отурат) жеке өзү депозиттик эсепке 1 300 000 АКШ долларын которгонун, ал эми бардык мусулмандардын башчысы Токтомушев бул жөнүндө билген эмес дейт. (Бухгалтер жетекчиге маалымдабай мындай ири сумманы башка банкка которгонуна ким ишенет?)

Андан кийин анын мурдагы адвокаты Акин Токталиев президентке каяша кайтарды. Кезинде Жапаров өзү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчылыгына дайындаган жана жакында эле аны «ар кандай диний жамааттар менен мамиле түзө албады» деп кызматтан кетирген.

Садыр Жапаровго таарынган Токталиев Интернетте мурунку муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин (Токтомушевге чейин болгон) белгисиз адам менен болгон телефондук сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусун жарыялаган. Ушул сүйлөшүүдөн кийин Садыр Жапаров, президент болуп шайланганга чейин эле, Токтомушевди ДУМКнын башчылыгынан кетирүүнү пландаштырганы белгилүү боло баштады. Эгембердиев Жапаров менен келишим түзүп жатканы, ал Баткен облусуна болгон шайлоо сапарында Султанали Гапуровду муфтий кылып дайындайм деп убада кылганы айтылат.

Муфтийге талапкерлерди аныкташы керек болгон ДУМКнын аттестациялык комиссиясы бир эле аймактын, так ушул эле Баткен облусунун өкүлдөрүнөн куралгандыгы жөнүндө түрдүү маалыматтар пайда болду. Экс-муфтий Эгембердиев жана анын коргоочусу Гапуров дагы баткендик болгондуктан, ар кандай диний топтордун өкүлдөрү арасында талаш жаралды. Талапкерлерди тандоодогу тактык  күмөн саноолорду пайда кыла баштады.

Бир сөз менен айтканда, «ишенген кожолорубуздун» арасында «каман тартыш» башталды. Анын натыйжасы эмне болорун алдын-ала айтуу кыйын. Муфтийдин креслосу үчүн кландардын ортосундагы күрөштүн ачыкка чыгып кетиши олуттуу мотивге ээ.

ЖААТТАШКАН ЖАМААТТАРДЫН АРТЫНА ЖАШЫНГАНДАР …

Жогоруда айтылган Султанали Гапуров салттуу ислам мектебинин өкүлү. Ал диний билимди чет өлкөлөрдө эмес, Борбор Азиядагы таанымал молдолор менен чогуу окуган. Ал эми жакында муфтийликтен кеткен Максат ажы Токтомушев “Таблиги Жамаат” кыймылынын иш жүзүндөгү лидерлеринин бири экени айтылып келет. Албетте, бул уюм күрөшсүз багынып бербейт. Ошентип, жакынкы аралыкта биз Кыргызстандагы эң көп диний агымдардын ортосундагы тирешүүнү байкайбыз. Бир жагынан, Борбордук Азиядагы бардык өлкөлөр өз элдерин жат диний секталардан, анын ичинде экстремисттик агымдардан коргоп, колдоого аракет кылып жаткан салттуу исламга басым жасайт.

Аталган диний агым биздин аймакта кылымдар бою калыптанып, жайылып келе жатат жана түзмө-түз элдерибиздин маданиятына, жашоо образына жана менталитетине сиңип калган. Экинчи жагынан, «Таблиги Жамааты» бар. Мындай тенденция Кыргызстанда акыркы эле 15-20 жылда пайда болду. Ал бизге Пакистандан жана Бангладештен келген. Жана ал өтө тез жайылды, анткени ал ишенгендерге жеңил жана оор эмес талаптарды коёт. Бүгүнкү күндө бул Кыргызстандагы эң ири диний уюм деп ишенимдүү айта алабыз.

Кыргызстандын бардык коңшулары мамлекетке кооптуу экендигин эске алып, ага тыюу салышкан. Бул көйгөйдү биз, кыргызстандыктар гана түшүнө албайбыз. Же биздин бийлик ага жөн эле көз жумуп коёт. «Таблиги Жамааттын» өтө таасирдүү колдоочулары бар деп божомолдоого болот, сыягы, дүйнөлүк деңгээлде.

Чындыгында эле, Кыргызстанда ушунча президент жана УКМКнын жетекчилери алмашты, бирок алардын бири дагы бул уюм менен күрөш баштай алган жок. Ушул эки чоң топтун тиреши эмнеге алып келет? Алардын бири жеңишке жетеби? Же бул күрөштү башка диний күчтөр пайдаланып кетеби?

ҮЧҮНЧҮ КҮЧ

Бүгүнкү күндө муфтиятта дагы бир күчтүү топ бар. Булар Фетхуллах Гүлендин уюмунун (ФЕТӨ) өкүлдөрү. Гүлендин уюму алгач диний уюм катары түзүлгөн. Гүлен өзү исламды үгүттөөчү катары эсептелет, анын өзүнүн өзгөчө позициясы жана динге болгон көз карашы бар.

Гүленчилер өтө сабаттуу жана билимдүү балдар. Алардын уюмунун стратегиясын карманып, алар мамлекеттин бардык маанилүү структураларын башкарууга киришкен. Жана муфтийлик да алардын мээлеген майлуу жайы. Алар жашыруун жылжып кирип, акыр аягында башкаруунун эң жогорку баскычтарына жетишет. Мисалы, ДУМКга кирүүнү 20 жылдан бери улантып келе жатат.

Азырынча Гүленчилерди эч ким аныктай албайт. Негизги кызматтарды ээлегенден кийин дагы, алар тымызын иштешет. Алар эч качан өз адамын биринчи орунга коюшпайт. Оңой башкарып, башкарылып, арты менен жасала турган бейтарап адам ар дайым лидерлерликке көтөрүлөрүн жакшы билишет.

Ошентип жаңы муфтийди шайлоо учурунда үч уюмдун күрөшүн көрөбүз. Азырынча салттуу исламдын өкүлдөрү калган экөөнө каршы чыгышы мүмкүн. Бирок, эгер «Таблиги Жамааты» жана «Гүленчилер» дүйнөлүк деңгээлдеги уюмдар экендигин жана ошого жараша адамдык жана каржылык ресурстарга ээ экендигин эске алсак, анда убакыттын өтүшү менен алардын позициялары чыңдалат.

Мамлекеттин алсыздыгынан келечекте башка диний агымдар дагы күч алат. Алар дагы радикалдуу топтор болушу мүмкүн. Эскерте кетсек, Кыргызстанда жана Борбордук Азияда «Хизб ут-Тахрирдин» саналуу гана өкүлдөрү салттуу исламды кармангандардын мечиттерин басып алган учурлар бир нече жолу болгон. Биздин жергиликтүү ислам абдан бейпил. Жана жаңы келгендердин агрессивдүү өкүлдөрү ушундан пайдаланышат. Эгерде бул тенденция бүтүндөй Кыргызстан үчүн болжолдонсо, анда өлкөнү оор диний келечек күтүп турат.

Автору
Эдил МАРЛИС уулу
Булак
delo.kg
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт