ВидеоДен-соолукКоом

Москвадагы аэропортто калган 402 жаран Бишкекке жеткирилди

Россия аба каттамын токтоткондон бери Москва шаарындагы аэропортто калган кыргызстандык жарандар Бишкекке учуп келишти. 402 жаранды «Манас» эл аралык аэропортуна бүгүн, 29-мартта «Аэрофлот» авиакомпаниясы чартердик каттам менен жеткирди, деп билдирди республикалык ыкчам штаб.

Жүргүнчүлөрдү тосуу иштери перрондо уюштурулган. Эми алар тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшү керек.

Буга чейин аэропорттон чыга албай калган кыргызстандык жарандардын арасында кош бойлуу келиндер, жаш балдар да бар экени айтылган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт