БийликӨкмөт
Маанилүү

Монополияга каршы агенттиги азык-түлүктүн баасы боюнча максималдуу чекти белгиледи (тизме)

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча максималдуу деңгээлдеги чекти белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Талдоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча нан, ун азыктары, өсүмдүк майы жана пахта майы, кумшекер, жумуртка, эттин дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли белгиленди.

Өсүмдүк майы жана эттин баасы:

Облус Өсүмдүк майы (сом\1л) Эт (сом\1 кг)
күн карама пахта уй кой чочко
Бишкек шаары 90,0 360,0 360,0 240,0
Чүй болусу 90,0 360,0 360,0 240,0
Ысык-Көл облусу 90,0 350,0 350,0 350,0
Талас облусу 90,0 90,0 350,0 350,0 320,0
Нарын облусу 90,0 350,0 350,0
Жалал-Абад облусу 90,0 360,0 360,0
Баткен облусу 93,0 93,0 360,0 360,0
Ош обулусу 90,0 90,0 360,0 360,0
Ош шаары 90,0 360,0 360,0

Кумшекер, нан, ун азыктары, жумуртканын баасы:

Облус Кумшекер (сом\1кг) Жумуртка (сом\10шт) Нан (сом\1кг) Макарон(сом\1кг)
Бишкек шаары 40,0 80,0 37,0 40,0
Чүй облусу 40,0 80,0 37,0 40,0
Ысык-Көл облусу 43,0 80,0 45,0 50,0
Талас облусу 43,0 80,0 45,0 50,0
Нарын облусу 40,0 80,0 44,0 50,0
Жалал-Абад облусу 46,0 83,0 45,0 50,0
Баткен облусу 47,0 83,0 45,0 47,0
Ош облусу 46,0 82,0 45,0 47,0
Ош шаары 46,0 82,0 45,0 50,0

Картошка, күрүч, пастерленген сүт, каймак майдын баасы:

Облус Картошка (сом\1кг) Күрүч (сом\1кг) Пастерленген сүт (сом\1л) Каймак майы (сом\1кг)
Бишкек шаары 25,0 100,0 2,5% – 50,03,2% – 54,0 350,0
Чүй облусу 25,0 100,0 350,0
Ысык-Көл облусу 25,0 95,0
Талас облусу 25,0 90,0 380,0
Нарын облусу 20,0 80,0 2,5% – 45,0 380,0
Жалал-Абад облусу 25,0 80,0 2,5% – 65,0
Баткен облусу 25,0 120,0 2,5% – 66,0
Ош облусу 23,0 80,0 65,0
Ош шаары 23,0 80,0 65,0

*Өзгөн жана Баткен лазер күрүчүнүн баасынан тышкары.

Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бааларды жөнгө салууда ишкерлердин бардык чыгымдары эсепке алынган. Бүгүнкү күндө бир катар мамлекеттик кызматтардын адистери бааларга көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп жатышат.

Чектөөлөрдү бузгандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат!

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button