БийликЖогорку Кеңеш

Момбеков: 200 миң сом кенемте пул эмес, келеке пул болуп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 15-апрелдеги парламенттик отурумда дарыгерлердин нааразычылыгы тууралуу айтты:

“200 миң сом деген не деген акча? Согуш убагында куралсыз душманга салып берген батальондой кылып эле силер врачтарды эч кандай куралсыз алдыга салып койдуңар. Эми оору жуктуруп алгандарын текшерип, комиссия түзөбүз деп жатасыңар. Дарыгерлердин нааразычылыгы ушундан пайда болот, аларды кайра ыйлатып, кечирим сураттыңар. Токтоткула мындайды”, деди депутат.

Дарыгерлерди вирус жуктургандар көп болгону үчүн кызматтан бошотпоо маселесин дагы бир депутат Айнуру Алтыбаева да айтып кетти.

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жасалып жатканын билдирди.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close