Дүйнө

Моңголиянын парламентине этникалык кыргыз шайланды

Моңголиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча башкаруучу «Моңгол элдик» партиясы абсолюттук жеңишке жетишти.

Айрым аймактарда оппозициялык «Демократия» партиясы бир нече орунга ээ болду.

Мисалы, Баян-Өлгий аймагында «Моңгол элдик» партиясынын өкүлдөрү 2 орунга ээ болушту. «Демократия» партиясынын талапкери — Моңголиянын эмгек сиңирген дарыгери, этникалык кыргыз Бейшен (Бейсен) Булан райондогу үч мандаттын бирин алды.

— Хавдисламын Баделхан жана Телухан Аубакир «Моңгол элдик» партиясынан шайланышты. Экөө тең молхы уруусунан.

— «Демократия» партиясынын өкүлү Бейшен Булан шеруши курман уруусунан. Ал хирург жана Өлгий шаарындагы шаардык оорукананын башкы дарыгери.

Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар.

Булак
Баракелде
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close