
Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров элге кайрылды. Анын «Келгениңерге чоң рахмат. Сөөгүбүз ыраазы силерге. Чагымчылыкка тарабай тынч тарап кетсек» деген сөзүн чогулгандар укпай, кыйкырып, ышкырып башташты.
Чыгып сүйлөгөндөрдүн бири бийликке жарым саат берерин, болбосо Садыр Жапаровду бошотуу үчүн түрмөгө бара тургандыктарын айтып, элди чакырды.
Элдин арасынан «тарбайбыз» деген үндөр чыкты. Андан кийин Таластан келген Сагынбек Момбеков ырдады.
Учурда нааразылык акциясы уланып жатат. Чыгып сүйлөгөндөр президент Сооронбай Жээнбековду Садыр Жапаровго ырайым берүүгө чакырууда.