ОкуяларСаясат
Маанилүү

Митингдин уюштуруучулары Каныбек Осмоналиев менен Сабыр Жапаров кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевди Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка алып кетишти.

“Митингдин уюштуруучулары жана жигердүү мүчөлөрү УКМКга алынып келинди. Алар: Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Кылмыш кодексинин 39-беренеси (бийликти күч менен басып алуу аракети) боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Учурда тергөө чаралары жүрүп жатат”.

Митингди уюштуруучулар катары аттары аталгандардын ичинен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, Сабыр Жапаров Садыр Жапаровдун агасы, ал эми Амангелди Артыков “Кырк уруу кыргыз – жети дубан ынтымагы” деп аталган кыймылдын жетекчиси катары таанымал.

Митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарды.

Эки тараптын кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркады. Ички иштер министринин коомдук коопсуздук боюнча орун басары Алмаз Орозалиев мыйзам бузуулардын барына митингдин уюштуруучулары жооп берерин айтты.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close