КоомМыйзам жана укук

Митингчилердин айрымдары Ак үйдүн тосмосуна барды

Бүгүн, 5-октябрда саат 11:00дөн тарта Бишкектеги борбордук аянтка чогулган митингчилердин айрымдары кечинде Ак үйдүн алдына барышты. Алар имараттын аймагына өтүүгө аракет кылып жатышат.

Кечээки парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айткан саясий партиялардын өкүлдөрү жыйынтыкты жокко чыгаруу тууралуу талабын айтышкан. Митингге шайлоого катышкан 12 саясий партиянын лидерлери менен өкүлдөрү жана 6 миңдей адам чогулду.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт