ОкуяларСаясат

Митингчилер таркатылды. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Милиция Садыр Жапаровдун тарапташтарын таркатып бүттү.

Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүшкөн. Кечке жуук митингчилер менен милициянын ортосунда тиреш келип чыгып, милиция суу атуучу унаа, көздөн жаш чыгарчу каражаттар колдонулду.

Митингдин катышуучулары Ак үй тарапка бет алгандан кийин алардын алдынан милиция кызматкерлеринин тосуп чыккан.

Митингге келгендердин ичинен айрымдары милицияга таш ыргытып, милиция аларга суу чачып, кулак тундуруучу каражаттарды колдонушкан.

Митингге келгендер жогору көздөй кетүүгө аргасыз болду.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button