Дүйнө

Мирзиёев: Биз миң жылдык кошунабыз. Бири-бирибизди сыйлап жашашыбыз керек

Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достукка, жалпы пландарга таасирин тийгизбеши керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана шаарында облус жана район башчыларынын катышуусунда өткөн кеңешмеде билдиргенин Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазат.

“Акыкы жылдары коңшу мамлекеттер менен чек арадагы көйгөйлүү маселелерди чече алдык. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достукка, жалпы пландарга таасирин тийгизбеши керек. Биз сабырдуу, чыдамдуу, кайрымдуу болушубуз зарыл. Биз миң жылдык кошунабыз. Бири-бирибизди сыйлап жашашыбыз керек”, — деген ал.

Эскерте кетсек, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасында Кадамжай районунун (Баткен облусу) Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда булак талаштан чыр чыккан.

Окуядан кийин окуяны жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара, бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close