Экономика
Маанилүү

Мигранттар чөмүчтөп чогултканды — Өкмөт чакалап чачып жатпайбы?

Кыргызстан байланыш каражаттары (телефон, интернет) үчүн жылына 15 миллиард сом коротот. Тилекке каршы ушул каражаттын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 10 миллиард сом же болбосо $150 миллион долларга чукул каражат сыртка чыгып кетип жатат. Кантип дебейсизби? Анткени өлкө аймагында 3 уюлдук оператор бар:

  1. MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК)
  2. Beeline («Sky Mobile» ЖЧК)
  3. O! («НУР Телеком» ЖЧК)

Бул операторлордун ар бири болжол менен жылына 5 миллиард сомдон киреше табышат.

Булардын ичинен бирөө гана улуттук оператор болгондуктан MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК) гана тапкан 5 миллиард сомун өлкө аймагында алып калат. Ал эми Beeline («Sky Mobile» ЖЧК) менен O! («НУР Телеком» ЖЧК) чет элдик оператор болгондуктан алар тапкан 10 миллиард сомун чет мамлекеттерге чыгарып кетип жатат. Башкача айтканда өкмөт акенин кайдыгерлигинен улам өлкөдөн жылына $150 миллион доллар чыгып кетип жатат.

Мигранттарыбыз жыл сайын өлкө казынасына орто эсеп менен 2,5 млрд доллар ашуун акча которушат. Ошол эле мигранттар которгон акчаларды кайра ал өлкөлөргө чыгарып жибербей, аны Кыргызстаныбыздын казынасына алып калышыбыз керек.

Эгер өкмөт чын эле ата мекендик өндүрүштү колдогусу келсе, бир эле токтом менен “Мегакомго” “улуттук оператор” макамын берип, аны монополдук укукка ээ кылып койсо да болот. Анын мына ушундай кадамы ата мекендик өндүрүштү сөз менен эмес, иш жүзүндө колдооруна далил болмок. Антпесе, мигранттарыбыздын чөмүчтөп чогултканын, бели оорубаган өкмөт чакалап чачып жаткандай болуп жатпайбы?!

Өкмөт акенин колунан токтом токуган да келбесе, анда бул демилгени да эл өз колуна алуусуна туура келет.

Патриотпуз деп көкүрөк каккылайбыз. Улуттук операторубуз болгон  компаниябызды колдоп, муну иш жүзүндө көрсөтпөйлүбү? Жалгыз “Мегаком” улуттук уюлдук оператор, жана андан улуттук казынага түшкөн каражат кайра элге кызмат кылмак.

Ар бир атуул улуттук оператор “Мегакомду” колдонгондо чыгып кетип жаткан $150 миллион доллар Кыргызстанда калмак. Биз ал акчаларга жылына 150 заманбап мектеп же 300 заманбап балдар бакчасын куруп, жакынкы 3-4 жылда мектеп жана бакча танкыстыгын толук чечип алмакпыз…

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button