ВидеоСаясат
Маанилүү

Мелис Мырзакматов: Биринчи максат — мыйзам талаасына тез арада кайтып келүү.

Бозгундагы саясатчы, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Түркиядан Ошко учуп келди. Аны тарапташтары түн ортосуна чейин күтүп, аянттан кетпей турушту. Ал тарапташтары алдында чыгып сүйлөп, өлкөдөгү кырдаалга токтолуп өзүнүн баасын берди. Бирок анын айрым сөздөру коомчулукта талкуу жаратууда. Би-Би-Си М.Мырзакматовду маекке тартып, алгач өлкөдөгү соңку абал жөнүндө пикирин сурады.

М.Мырзакматов: Өлкөдөгү абалды абдан оор деп баалап турам. Ар кандай күчтөр, ар кандай топтор бүгүнкү кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып кетүүгө аракет кылып жатышат. Ал ачык айкын көрүнүп турат. Менин кайтып келишимдин бирден бир себеби, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоо, бөлүнүп-жарылууга жол бербөө. Ар кандай чагымчыл күчтөргө жол бербөө үчүн эл өзү мени чакырып алды. Өлкөнүн бүтүндүгү баарыбыз үчүн эң жогору турат.

Би-Би-Си: Кечээги айткан сөздөрүңүз контексттен суурулуп алындыбы же ошондой айтылдыбы, «Мырзакматов Ош, Баткен, Жалал-Абадды бөлүп алабы» деп жатышат го.

М.Мырзакматов: Менин кечээги сөзүмдү толук уксаңыздар же ошол жерде болсоңуз жакшы түшүнмөксүз. Бишкекте дагы ошондой эле жигиттер өлкөнүн бүтүндүгү үчүн күрөшүп жүрөт. Биз азыр бөлүнүп, оштук, баткендик, нарындык, бишкектик дебешибиз керек. Ар кимибиз моюнубузга бир регионду алып туруп, тынчтыкты сактап, андан кийин мыйзам талаасына түшүп кетүү жөнүндө сөз болуп жатат бул жерде. Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кереги жок. Аны акылы бар киши, мекенчил киши дароо эле түшүнөт. Бөлүнүп-бөлүнүп бир жерге топтолбой, кызмат талашпай тынчтык, биримдик үчүн күрөшөлү. Өлкөнү тез арада мыйзам талаасына келтирүү боюнча аракетибизди жасайлы деген максатта, ошондой мааниде сүйлөгөнүмү бурмалап жатышат. Эгерде ошол митингге катышкан адамдар болсо, менин сөзүмдүн маанисине жетишти.

Би-Би-Си: Азыр бардык лидермин дегендер өлкө укуктук талаага кайтышы керек деп жатышат. Ошонун алгачкы кадамдары кандай болуш керек?

М.Мырзакматов: Биринчи кадам — өлкөдөгү стабилдүүлүк жана биримдик. Чагымчыларга, бөлүнүп-жарылууга чек коюш керек. Экинчи кадам — тез арада парламент өкмөттү курап, шайлоону белгилеп, бийликтин бардык бутактарын калыбына келтирүү болуп эсептелет. Бирок ал кадамга жетүү үчүн стабилдүүлүк жана биримдик болушу зарыл. Биз ошон үчүн биринчи кадамды моюнга алып, үч-төрт субьектиде тынчтыкты кармайлы, биримдикти сактайлы деп, калган региондордогу мыкты жигиттер чыгып, тынчтыкты орнотолу, чагымчылдыкка жол бербейли деп макулдашканбыз. Мансап, кресло жөнүндө ойлоно элекпиз. Биринчи максат — мыйзам талаасына тез арада кайтып келүү.

Булак
BBC Kyrgyz
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт