БийликӨкмөт

Медкызматкерлер үчүн канча жеке коргоочу каражат керек жана алардын муктаждыктарынын эсеби кандай жүргүзүлөт?

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин жообу:

«Cаламаттык сактоо министрлиги COVID-19 инфекция очогуна тартылган адамдардын санына жараша ар күн сайын медициналык буюмдарга болгон муктаждыкты чогултат.

Коопсуздуктун үч деңгээли бар жана эсептөөлөр жугуштуу ооруканаларда, БМСЖ, мобилдик бригадаларга тартылган кызматкерлердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүндө, ошондой эле, вирусологиялык лабораторияларда жүргүзүлөт.

Зарыл болгондо, коргоо каражаттарын бөлүштүрүүнү кайрадан топтоштурабыз.

Учурда медицина кызматкерлерине көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардам аркылуу зарыл жеке коргонуу каражаттары (ЖКК, беткаптар, көз айнектер, мээлей ж. б.) менен камсыздалган”

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт