Мыйзам жана укукОкуялар
Маанилүү

Матраимовдун тарапташтары митингге чыгат

Журналист Эльнура Алканова Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камалышына каршы элди митингге чыгууга үндөдү. Ал видео кайрылуу жасап, аны “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырган.
“Матраимовду санкцияга алып барып, эки айга камашат деген маалыматтар айтылууда. Биз, Райымбек Исмаиловичтин тарапташтары УКМКнын алдында бүгүн саат 14:30га чогулуп атабыз. Кара-Суу шаарындагы Исмаил Ата атындагы мечиттин алдында дагы  Матраимовдун тарапташтары чогулууда. Кайдыгер болбогон тарапташтар келиңиздер! Тынчтык жолу менен мыйзамдуулукту талап кылабыз”, – деп кайрылган журналист Э.Алканова.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт