КоомСаясат

Матраимовдордун үй-бүлөсү 24.kg сайтына койгон акчалай доосунан баш тартты

Бул тууралуу журналисттерге Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз билдирди. Анын маалыматына караганда, сайтка коюлган 15 млн. сом материалдык доо артка алынды, бирок арыздын өзү калды.

– Биз 24.kgнин юристтери, редакторлору менен сүйлөшүп макулдашууга келгенбиз. Алар «бизде далил жок. Биз иликтөөнүн автору эмеспиз» деп өз эрки менен маалымат жарыялашты. Биз «фактыларды көрсөткүлө же фактыңар жок болсо ачык айткыла» деп айтканбыз. Ошондуктан биз доону чакыртып алуу боюнча сотко өтүнүч келтирип, судья аны карап жатат, – деди Канатбек Азиз.

Ал эми 24.kg сайтынын адвокаты Эмил Жандаев сайт Матраимовдор боюнча материалды төгүнгө чыгарбаганын, болгону тактоо гана киргизгенин айтты.

– Доогерлер «сайт маалыматты төгүндөдү» деп жатат. Алар ушундай деп айтып жатышат. Бирок 24.kg сайтына чыккан маалыматты карасаңар, ал жерде тактоо гана киргизилип жатат.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үч медиага жана журналистке каршы доо арызы каралып жатат. Сотко төрагалык кылган Жылдыз Ибраимова Матраимовдордун жактоочуларынын 24.kg сайтына карата материалдык доосунан баш тартуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды. (BTo)

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button