Аналитика
Маанилүү

«Матраимов качан кусат?»: Садыр Жапаровго 10 ыңгайсыз суроо

Райымбек Матраимовдун ысымы акыркы үч жылдан бери маалыматтык каражаттарда байма-бай аталып, эл оозунан түшпөй талкууга алынып келе жатат.  Буга чейин ага карата бир дагы сот чечими чыкпаса да, «Кыргызстандагы коррупциянын символу» катары белгилүү болуп калган.

Ооба, анын камакка алынышы жана сот процесси бул окуялардын баарына чекит коюшу керек эле. Бирок, бул окуялар улам жаңы нукка бурулууда.

Акыркы жолу 20-октябрда Матраимов үйүнө жана УКМКга өтө жакын жерде күндүзү кармалган эле.

Что неясно с делом Райымбека Матраимова? 10 неудобных вопросов

Бул маалымат катуу тарап, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган окуя болуп калды. Ошол эле учурда «Матраимов ал 2 миллиард сом төлөөгө даяр» деген билдирүү жасалды. Бул көптөгөн сын-пикирлерди, нааразычылыктарды жаратты. Көпчүлүк бул ишти «шоу» деп эсептешти. Анткени, «ал өөнөнп алган акчалардан бир тыйын гана төлөп жатат» дешти.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов кызматташуу жөнүндө өтүнүчүн жарыялаган жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурулган графикке ылайык — ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин толугу менен төлөп берүүгө даяр деген маалымат айтылган. Көп өтпөй УКМКнын депозиттик эсебине 80 миллион сом суммасындагы биринчи төлөм келип түштү.

Бул үчүн кармалган адамга өтө жумшак бөгөт коюу чарасы — Кыргызстандан чыкпоо тууралуу тил кат берилген.

«Урматтуу журналисттер, Райым миллион менен сүйлөшүп алыптыр, президент Жээнбеков менен сүйлөшүп алыптыр деген жалган сөздөрдү таратып жатасыңар. Токтоткула! Эч кимиси менен сүйлөшкөнүм жок, сүйлөшпөймүн дагы. Райым миллион камалат. Мен азыр толук кандуу ишке кирише элекмин. Киришкенимден кийин камалат», — деп убадалаган Жапаров анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатканда.

«Райым Матраимов боюнча материалдарды карайбыз. Мен эми бүгүн эле дайындалдым да. Ишке жаңы киришип жатам. Матраимов боюнча менде маалыматтар жок. Такталбаган маалыматтар боюнча ал өлкөдөн чыгып кетти деп жатышат. Эртеси эле күнү чыгып кетти деген маалымат жеткен. Бирок мен аны билбейм», — деген Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин өткөргөн маалымат жыйынында.

Жапаров «төлөйт» деген, төлөнгөнбү?

Албетте, бул дагы Жапаровдун буга чейинки аткарылбай келаткан ондогон убадаларынын бириндей эле Райымбек Матраимов да убадасын аткарган жок. Ал кармалган учурунда дароо 80 миллион сом төлөгөн. Бир жарым ай ичинде ал Каржы министрлигиндеги эсепке мезгил-мезгили менен акча салып турган, бирок 646 миллион сом гана түшкөн.

30-ноябрга карата карыз — 1 миллиард 354 миллион сом. Демек убадаланган акча төлөнгөн эмес…

Матраимовдун иши жана түшүнүксүз жагдайлар?

УКМК бул иштин жүрүшү жөнүндө маал-маалы менен дагы отчет берип турат. УКМК Матраимовго каршы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин башка бажы кызматкерлеринин коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Ошол эле учурда, аталган башкармалыкта коррупцияга аралашкан айрым бажы кызматкерлеринин аракеттеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатат, деп билдирди УКМК.

1. Кайсы документтин негизинде төлөм жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн эмес. Акчаны алган УКМК дагы, Каржы министрлиги дагы маалымат бербей жатат.

2. Келишимди аткарбаган Райымбек Матраимовго кандай чаралар киргизилет?

3. Матраимов 2 миллиард сом төлөсө, андан кийинки тагдыры кандай болот?

4. Райымбек Матраимов шектелип жаткан каражаттын калган бөлүгүн (700 миллион доллар 2 миллиард сомду) кандайча издөө жүргүзүлөт?

5. Матраимов Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык мунапыска кабылабы?

6. Матраимов иши боюнча дагы кимдер кармалган?

7. Матраимов иши боюнча сот жараяны болобу?

8. Сот жараяны ачык болобу?

9. Райымбек Матраимовдун Кыргыз Республикасынын чек арасынан товарларды ташып келүүдө таасири басылдыбы? 

10. Райымбек Матраимовдун иши боюнча журналисттик иликтөөлөр качан бааланат?

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт