Аналитика

«Матраимов буга чейин баарын көмүскөдөн көзөмөлдөсө, эми ачык, “легалдашуу” жолу менен баарын колго алууга умтулууда»

Эксперт, журналист Айданбек Акмат уулу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Молдованы 2010-жылдан 2019-жылга чейин каалагандай калчаган Владимир Плахотнюк аттуу олигарх менен кыргыз парламентин чөнтөгүнө салынуусун каалаган олигарх Раим Матраимовго салыштырып, жакынкы убакытта Кыргызстанга келе жаткан коркунучту эскертти…

КЫРГЫЗСТАН ПЛАХОТНЮГУ-РАИМ МАТРАИМОВ

Молдованы 2010-жылдан 2019-жылга чейин Владимир Плахотнюк аттуу олигарх каалагандай калчаганы белгилүү. Ал бүтүндөй мамлекеттик структураларды ар кандай жолдор, ыкмалар менен көзөмөлгө алган. Башкы прокуратура, Конституциялык сот баш болгон соттор, банк, башка бийлик органдары анын таасиринде калганы аңыз кеп болуп айтылып келет.

Мындай олигархтык-мафиялык түзүлүш башка уурулук, коррупцияны мындай кой, таламандын тал түшүндө көз боемочулук менен Молдова Улуттук банкынан 1 миллиард еврону уурдап кеткен. Бул легендага айланган, 2014-жылы орун алган окуя жана факт.

Бул аферанын аткаруучусу Илон Шор деп аталат. Бирок анын “патрону” Плахотнюк болгонун Молдова парламентинин иликтөөсү (Плахотнюк качкандан кийин) ырастап чыкты. Бул эки эрен менен айтылуу Атамбаев байланышта жана кызматташта болгон. Муну Илон Шордун Манас аба майданында “Дьюти фри” соодасын ээлөөсү, Шордун менчик учагы менен Атамбаевдин 2015-жылы Кишиневго учуп барып, Плахотнюк менен жолугушуусу ырастайт…

Плахотнюк Молдова бийлигин “Молдова демократиялык партиясы” менен парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү аркылуу чүлүктөп, чөнтөгүнө салып алган. Мына ушул партияны парламентке алып келип, ал аркылуу парламентти, өкмөттү, мамлекетти көзөмөлгө алган.

Молдова Плахотнюктун чеңгелинен өзү чыгып кете алган жок. Ага коомдун да дарамети жетпеди. Молдованы Плахотнюктун чеңгеЛинен чыгаруу үчүн айыгышкан атаандаштар Россия жана АКШ, Европа биригип аракеттенүүгө аргасыз болушту. Бул маселеде алар кызматташты. Россия бир жагынан өзү колдогон президент Додон башында турган Молдова социалисттик партиясын, батыш экинчи жагынан Майя Санду башында турган батышчыл “Аракет жана пикирлештик” партиясын коалиция түзүшүнө түрткү беришти. Ири державалардын мына ушундай кийлигишүүсү менен гана Молдова Плахотнюктун чеңгелинен чыгарылды. Мына ошондон кийин гана Плахотнюк Молдовадан чыга качты.

КЫРГЫЗСТАН ПЛАХОТНЮГУ РЕАЛДУУ…

Кыргызстанда Плахотнюктун жолун жолдоп, парламентти колго алууга Раим Матраимов же эл ичинде айтылган “Раим-миллион” жулунуп келатат. Ал көзөмөлдөгөн “Мекеним Кыргызстан” партиясы эң таасирлүү күчкө айланганын Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңештерге шайлоо өнөктүгү абдан ачык көрсөттү. Анда “Мекеним Кыргызстандын” акчага көпкөн чогоолдорунан бийликтин “Биримдик” партиясынын өкүлдөрү да жабыр тартып калган окуялар жалпы коомго маалым болду. Мындай “акча, кара күчтүн” айланасына мамлекеттин эмес, өзүнүн жеке тагдырын, кызыкчылыгын артык койгон алсыз саясатчы болумуштар ого бетер топтоло башташты. Аны даңазалагандар четтен чыгат.Андай эмес дегендерди талайт,коркутат…

“Мекеним Кыргызстан” партиясына “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жакын тарапкерлери менен кошулганы эмнени кабарлайт? Төрөбаевден башка канча акчалуу байлар, азыркы парламент мүчөлөрү Раим Матраимовдун эшигин сагалап олтурат? Канчасы гумжардамдарды таратып, шаңыраңдап жүрдү?

Матраимов өзү болочок парламентти эмитен эле чөнтөккө салып алгандай өкмөт башчылыкты алсамбы же көмүскө “король” бойдон калсамбы деп манчыркайт. Бул реалдуулук. Саясаттан анча-мынча маалыматы барлар аны жокко чыгара албайт.

Матраимовдун күчү акчада. Эсепсиз акчада. Президент Жээнбековдун колдоосунда. Саясатчылар ичинде, эл ичинде айтылгандай айтылуу каралар төбөлү Камчы Көлбаев менен достук байланышында. Мына ушул үч күчтүн колдоосу Раим Матраимовду учурда эң таасирлүү адамга айлантып турат.
Жакында Раим Матраимов төртүнчү колдоону алды… Ал коронавирустан пайдаланып, эң көп өлчөмдө гуманитардык жардамдарды таратты (ага акча кайдан келгенин айтпай эле коелу. Ал баарына белгилүү). Мунун менен шайлоо алдында элдин оозун майлады.

Мына ушинтип Кыргызстан парламентинин бир ири олигархтын чөнтөгүнө салынуусуна бардык шарттар түзүлүп турат. Мурда беш-алты олигарх биригип, парламенттин бир ыптасын алууга умтулса, азыр бир дөө олигарх жалгыз өзү баарын колума алам турат.
Олигархиялык парламент Кыргызстанды кандай абалга алып келгени бүгүнкү мышык ыйларлык абалыбыздан көрүнүп турат.

Ал эми жакынкы келечекте жалгыз желмогуз олигархтын келиши менен Молдовадагыдай Улуттук банктын акчаларын талап-тоноого, мамлекетти бүтүндөй олигархтын кызматына коюп койбойт дегенге кепилдик жок. Ал эмес дал ошондой болот дегенге негиз бар.Чочулоо күчтүү.

Коркунуч ушул жакта.

Коркунуч азыр абдан жулмаланып жаткан Жумалиевде эмес. Жумалиевди олигархка айланткан, аны калкалаган, Кумтөрдү саткан чыккынчы Акаев өзү качкын. Булардын азыркы саясатка, келечекке таасири минималдуу.

Таасирлүүсү жана өтө коркунучтуусу Сооронбай Жээнбековдун олигархы Раим Матраимов.

Мамлекетке ушул эң коркунучтуу. Бир олигархтын парламентти, өкмөттү колго алуусу коркунучтуу жана опурталдуу… Бул нерсе болгону жатат. Раим Матраимов буга чейин баарын көмүскөдөн көзөмөлдөсө, эми ачык, “легалдашуу” жолу менен баарын колго алууга умтулууда.

Кыргыз коому, оппозициялык саясатчылары муну абдан катуу ойлонуш керек.

Автору
Айданбек Акмат уулу
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close