КоомМаданият

Маркум Элмирбек Иманалиев 22-апрелде жерге берилет

Маркумдун сөөгү анын Туңгуч кичирайонундагы үйүнөн чыгарыларын, Ала-Арча көрүстөнүнө коюларын Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов билдирди.

Бардыгына жооп берип жетише албайт экем. Атам эртен саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Ала-Арчага коюлатБирок, бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз.

Опубликовано Mirzat Mukanov Понедельник, 20 апреля 2020 г.

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы 20-апрелде кабарланган.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.

“Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары «Манас» эпосун айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт