БийликӨкмөт

«Манас» аэропортунун кызматкерлери иш таштайт

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлери билдиришти. Алар өлкө жетекчилигинин эл аралык аэропортко президент кылып Бакыт Сыдыковду дайындоо чечимине нааразы.

Атын атагысы келбеген аэропорт кызматкеринин айтымында, Бакыт Сыдыков мурда «Манас» аэропортуна жетекчи болгон. Ошондо коррупциялык схеманы иштетип, акча жеп, кумар оюндарын ойноп жүрө берчү,- дейт ал.

Бакыт Сыдыков белгилүү саясатчы, Курманбек Бакиевдин мезгилинде чоң кызматтарды ээлеп турган Үсөн Сыдыковдун уулу. Парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен барган.

Эскерте кетсек 6-октябрда дагы «Манас» аэропортун басып алуу аракети болуп, кызматкерлердин каршылыгы менен корголуп калган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button