Илим-Билим

Люстрация, импичмент, ОПГ — түшүндүрмөсү

Люстрация — бул мыйзам. Люстрация сөзү кыргызча «тазалануу», же болбосо, «кулакка тартуу» деген маанини түшүндүрөт. Тагыраагы, бийликти тазалоо.

Люстрация деген өлкөдө бийлик кулагандан кийин чиновниктерге арналган жазанын бир түрү. Жаңы бийлик эски бийлик үчүн активдүү иштегендерге ишин улантууга жана мамлекеттик иш орундарга келүүгө тыюу салат.

Бийликти тазалоо жөнүндө (люстрация) мыйзамда аныкталган негизде, же соттун чечими менен кызматкердин бийликте иштөөсүнө тыюу  салынат.

Люстрация – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын Реестри боюнча  саясий, атайын мамлекеттик, саясий муниципалдык кызматта  иштегендерге тийиштүү.

Мыйзам 1991- жылдын   1-сентябрынан баштап жогорку кызматтарда  жалпысынан  бир жылдан кем эмес иштегендерге төмөнкү учурда колдонулат, эгерде  кызматкер:

  1. жарандарынын конституциялык укугун чектесе;
  2. бийликти узурпациялоого катышса же жардамдашса;
  3. улуттук коопсуздукка коркунуч келтирсе;
  4. аймактын бүтүндүгүн бузса;
  5. улут аралык жанжалдарды уюштурса;
  6. шайлоолордун жыйынтыгын бурмаласа;
  7. жарандарга карата мыйзамсыз ыкчам–издөө ишин жүргүзсө;
  8. жарандарга мыйзамсыз сот чечимин чыгарса;
  9. коррупциялык системага салым кошсо жана кылмыштуу топторго аралашса;
  10. мыйзамсыз байыса;
  11. массалык маалымат каражаттарга цензура (чектоо) киргизсе;
  1. мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген эл аралык келишимдерди ратификациялоого добуш берсе.

Ким люстрацияга кабылыш керек жана эмне үчүн?

Люстрация эски режимдеги таза эмес атка конгон же такыр иш кылбаган адамдардан оч алуу болуп саналат

Люстрациялоого туш келген жарандарга 10 жылга бийликте кызмат өтөөгө тыюу салынат, жана аларга 10 жыл окуу жайларда сабак берүүгө жана массалык  маалымат  каражаттарда иштөөгө тыюу салынат.

==

Импичмент – иштеп жаткан президентти кандайдыр бир кылмыш жасаганын далилдеп, ошого байланыштырып мөөнөтүнөн мурда кызматынан четтетүү.

Демилге топ Жогорку Кеңеш депутаттарынын үчтөн биринен кем эмес болушу керек. Алар комиссия түзүүгө милдеттүү. Кылмыш жасаганы чынбы же жокпу, ошол комиссия жыйынтык чыгарышы керек. Ошонун негизинде депутаттардын көпчүлүгү импичмент процедурасын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы керек.

Көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынгандан кийин үч айдын ичинде депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес добуш менен импичмент жарыяласа болот.

===

ОПГ — организованные преступные группировки, кыргызчасы: УКТ — уюшкан кылмыштуу топ.

Булак
"Марал"
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт