Окуялар

🔴LIVE. Матраимовдордун адвокатынын маалымат жыйыны

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Бирок ал арада Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууну өтүнүп арыз берген. Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи. Бул арыз бүгүн, 13-декабрда каралышы мүмкүн. Эгерде сот жактоочунун арызын канааттандырса, чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close