БийликӨкмөтСаясат

Лавров Москвадагы жыйында кыргызча суроо-жооп болгонун жактырбады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Москвадагы басма сөз жыйында кыргызча суроо-жооп болгонун жактырбады.

Эки министрдин 23-октябрдагы жолугушуусунан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында “Ала-Тоо-24” телеканалынын журналисти алгач Лавровго орус тилинде, артынан Казакбаевге кыргыз тилинде суроо узатты. Казакбаев кыргызча жооп берип бүткөндө Лавров: “Сиздер кожоюнду урматташыңар керек! Макулбу? Бардык мааниде…”,- деди. Андан ары кыргыз министри сөзүн орусча улантты.

Кыргызстандын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга 22-октябрда барган. Ал эки тараптуу сүйлөшүүлөр канааттандырарлык болгонун белгиледи.

Кыргызстандын 15-октябрдан кийин келген жаңы бийлиги менен өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болуп саналган Орусиянын бийлиги бийик деңгээлде диалог түзө элек. Лавров мындай жолугушуулар Кыргызстандагы шайлоо маселелери бир жаңсыл чечилгенден соң болорун айтты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коом 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган.

22-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп баалаган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button