Дүйнө
Маанилүү

Кытайда коронавируска чалдыккан аял, дени сак бала төрөдү

Кытайда коронавирус менен ооруп жаткан кош бойлуу айым дени сак кыз төрөдү. Бул тууралуу, РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, Кытайдын Харбин провинциясында жашаган кош бойлуу келин коронавирус илдетине кабылган. Келиндин күндөн-күнгө абалы начарлай бергендиктен дарыгерлер кесарево жолу менен наристени жарыкка алып келүүнү чечишкен.

Ымыркай жарык дүйнөгө келген соң текшерүүдөн өткөрүлүп,андан коронавирустун бир да белгиси табылган эмес. Учурда эне-баланын акыбалы канааттандырарлык экени айтылууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button